Путин Аскар Акаевге ардактуу наам ыйгарды
- 1 год мурун
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевге «Орусия Федерациясынын илимине эмгек сиңирген ишмер» ардак наамын ыйгарды. 24-январда Путин кол койгон тиешелүү Жарлык Кремлдин расмий сайтына жарыяланды.
«Орусия Федерациясынын илимине эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам техника илимдеринин доктору, профессор Акаев Аскар Акаевичке — «М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин» федералдык мамлекеттик бюджеттик жогорку окуу жайынын Татаал системаларды математикалык изилдөө институтунун башкы илимий кызматкерине ыйгарылсын»,- деп айтылат Жарлыкта.
Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен.
Сүрөт: интернет булактары




