“Мекениңе анын туура эмес жактарын айтуунун өзү — мекенчилдик”. Алла Пугачева Гордеевага интервью берди  

  • 10 месяцев мурун

Россиянын айтылуу эстрада ырчысы Алла Пугачева Мекенинен чыгып кеткенден кийин журналист Екатерина Гордеевага кеңири интервью берди. Алла Пугачева Россиядагы согуштан кийин өлкөдөн чыгып кеткенинин себебин, өзү, жакындары, жеке турмушу жана өлкөдөгү окуялар тууралуу сөз кылды.    

Интервью үч жарым саатка созулду.

Акыркы жолу мындай интервьюну Алла Пугачева Олег Меньшиковго 2017-жылы бергени айтылууда.

Интервьюнун максатын “Эл үчүн документ катары болуп калсын” деп түшүндүрдү Алла Пугачева.  

Айтылуу ырчы Алла Пугачева өлкөдөн чыгып кетүү чечими ага акырындык менен келгендигин,  аны менен адегенде президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Сергей Кириенко сүйлөшүп, кабатыр болбоону суранганын, ага ишенгенин билдирди. Ал эми эки күндөн кийин Максим Галкинди чет өлкөлүк агент деп жарыялашкандыгын кошумчалады.  

«Ак пейил, жаркын, жакшы нерсеге умтулууну үйрөнгүлө. Эч нерсени бузбаш керек, куруш керек. Тынчтыкка сыйыныш керек, согушка манчыркабай» деди айтылуу ырчы Пугачева.

Интервью бул шилтемеде.

Сүрөттө: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты