Арстан Алай изделип жатат  

  • 5 месяцев мурун

Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев изделип жатат. Социалдык тармактарга жарыяланган маалыматты Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы ЖМКга ырастады.

Маалыматка караганда, Арстан Алай кечээ, 13-декабрда саат 8:30да үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Кара спорттук кийим жана кара түстөгү кроссовки кийип жүргөн.

Арстан Алайды көргөндөр болсо, милицияга  0312433275,  0558262829 номурларына кабарлап коюуну өтүнөт.

Арстан Алай изделип жатат  

Арстанбек Абдылдаев – белгилүү ишкер, коомдук ишмер, “Эл үчүн” саясий партиясынын жетекчиси, президенттикке талапкер болгон.

Коомчулукта анын ар кыл афоризмдери айтылып келет.    

Сүрөттө: Арстан Алай. АКИпресс.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты