Сокулук районунда балдар бакчасынан өрт чыкты
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 22-декабрда, эртең менен Сокулук районунун Төрт-Көл айылындагы балдар бакчасынан өрт чыкты.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, өрт саат 8:00 дө чыккандыгы тууралуу кабар түшүп, жерине өрт өчүрүүчү үч унаа жиберилген. Коопсуздук үчүн 30 киши эвакуацияланды. Өрткө 550 чарчы метр чалдыкты. Тилсиз жоо саат 9:53тө чектөөгө алынып, толук өчүрүү иштери жүрүүдө.
Өрттүн себептери такталууда.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




