Алмазбек Атамбаев жакын арада Кыргызстанга келбейт. Уулунун билдирүүсү

  • 4 месяца мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев атасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкү күнгө чейин ден соолугу менен алышып жатканы, жакын арада Кыргызстанга келбей турганын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

“Урматтуу достор! Акыркы күндөрү атайын провокацияга түрткөн жана жаштарды саясий кызыкчылыкка колдонуу максатында видео, посттор жарыяланып жатат. Официалдуу түрдө айтат элем, атабыз Атамбаев Алмазбек Шаршенович бүгүнкү күнгө чейин ден соолугу менен алышып жатат, жакын арада Кыргызстанга келбейт. Провокацияга алдырбалыга, туугандар!” деп жазды уулу, депутат Сеид Атамбаев.

Мындан он бир ай мурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыккан. Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча өкүмүн жокко чыгарды. Алмазбек Атамбаевге дарылануу үчүн Кыргызстандан чыгууга уруксат берилген.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылы Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, «коррупцияны уюштурууга» күнөөлүү деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктардан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган. Алмазбек Атамбаев Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты