Братислава шаарында Кыргызстандын жараны каза тапты  

  • 5 дней мурун

7-июлда Словакиянын Братислава шаарында К. уулу К. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны каза болгон.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги буларды билдирди:

Жарандын каза болгондугу тууралуу кабар алынгандан кийин, Кыргызстандын Австриядагы элчилиги анын жакын туугандары менен байланышкан. Алдын ала маалымат боюнча каза болгон жаран сууга чөгүп кеткен.

Братислава шаарында жашаган мекендештердин көмөгү аркылуу маркумдун сөөгүн Мекенине жеткирүүгө байланыштуу бардык зарыл иш-чараларды уюштурууга киришти. 

Ошондой эле ар тараптуу консулдук колдоо көрсөтүлүп, уюштуруу иш-чаралары координацияланып, маркумдун жакындары менен байланыш камсыздалууда.   

Бул маселе министрликтин жана Австриядагы элчиликтин көзөмөлүндө турганы белгиленди.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты