“Мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөт. Бюджеттен чыгым болбойт”. Садыр Жапаровдун маеги

  • 10 месяцев мурун

Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине алдыдагы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо тууралуу маек берди.  

Депутаттыкка талапкер болгусу келгендер 300 миң сом төгүшү керек деген талап жалаң акчалуулардын гана депутат болушуна жол ачат, мугалимдер, врачтар келе албай калышат деп сындагандар бар деген суроого мындайча жооп болду:

-Бирок андай “сайракандар” мугалимдер, врачтар үчүн күйбөйт. Аларга добуш гана керек. Мугалим менен врачтар жалпы өлкө боюнча 200 миңдин тегерегинде.Эмне мурдагы шайлоолордо мугалимдер менен врачтар келди беле? Бирин-экин эле болбосо. Тескерисинче, мугалимдер менен дарыгерлерге эми мүмкүнчүлүк берилди,-деди Жапаров.

Ошондой эле мурда депутаттык орундар сатылып келгенин айтты.  

-Мурда депутаттык орун 100 миңден 1 миллион долларга чейин сатылып, партиянын лидерлеринин чөнтөгүнө түшүп жүргөн болсо, эми андай болбойт. Акаевдин мезгилинен бери талапкер болом дегендер 100 миң сомдон төгүшчү.

Андан бери канча заман өттү. Азыр эми депутаттар 300 миң сомго көтөрүп коюшуптур. Бул 300 миң сом кайтарымсыз экен. Мурда 100 миң сом 5 пайыздан өйдө добуш алгандарга кайтарылып берилчү. Эми бул акча кайтарылып берилбейт жана кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө түшпөйт. Шайлоону уюштурууга жумшалат,-деди Садыр Жапаров.  

-Мурда шайлоону уюштуруу үчүн кеткен чыгым элдин чөнтөгүнөн чыкчу. Тагыраагы республикалык казынадан берилчү. Эми мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөт. Мен муну колдойм. Себеби бюджеттен чыгым болбойт.

Ал эми “мугалимдер менен врачтар 300 миң сом таппайт” деген суу кечпеген кеп. Эгер ошол чөлкөмдө кадыр-барктуу мугалим же врач болсо эл өзү эле көтөрүп алат. Жакын туугандары, кошуна-колоңдору, жолдош-жоролору эле чогултуп төлөп коёт,-деди мамлекет башчы.

Күрөө коюу практикасы дүйнө жүзүндө бар экенин белгиледи:

-Мындай күрөө коюу практикасы дүйнө жүзүндө бар. Эмне үчүн дегенде, күрөө болбосо бир округга миңдеген талапкерлер “мен деле коё берейинчи” деп, жөн эле коюп алышат. Муну да 2011-жылы президенттик шайлоодо көргөнбүз. 90го жакын талапкер коюп алышкан. Жыйынтыгында 16 эле талапкер катышкан.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшембиге дайындалды. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка 30-сентябрда кол койду.

25-сентябрда Жогорку Кеңеште парламенттин өзүн өзү таркатуу мыйзамы кабыл алынды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында, катышып жаткан 89 депутаттын 84ү макул деп добуш берди. Каршы добуш бергендер болгон жок.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты