Алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылган Гүлзат Мамытбек сот залынан бошотулду
- 1 year мурун
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Гүлзат Мамытбек деп таанылган блогер Гүлзат Алымкулованы алдамчылык боюнча күнөөлүү деп тапты. Өкүм кечээ, 24-майда, чыгарылды. Ал беш жылга эркинен ажыратылды.
Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, ага үч жылга пробациялык көзөмөл колдонулуп, Гүлзат Алымкулова (Мамытбек) сот залынан бошотулуп, жазасын шарттуу өтөй турган болду.
Гүлзат Мамытбек өткөн жылдын 25-октябрында алдамчылыкка шектелип Биринчи май РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалган.
Ал буга чейин дагы «системага нааразы» экенин айтып, тамак ичүүдөн баш тарткан. Бир канча күндөн кийин ачкачылык жараянын токтоткон.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү