Гүлзат Мамытбек алдамчылыкка шектелип кармалды

  • 3 года мурун

«Гүлзат Мамытбек» аты менен белгилүү блогер Гүлзат Алымкулова алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу «АКИpress» агенттиги күч органдарынын маалыматына таянып жазды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады.

Маалыматка ылайык, буга чейин Гүлзат Мамытбектин атына 7 жарандан арыз түшкөн. Арыз жазгандар ал “Адамдардын ишеничине кирип, тез арада өтө көп киреше табууну убада кылып, милдеттенмелерин аткарбастан жашырынып кеткен” деп билдиришкен. Алар жалпысынан 110 миң долларлык зыян тартканын айтышкан.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктадын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») боюнча катталган.

Сотко чейинки териштирүүнүн жүрүшүндө шектүү 2020-жылдын февралында Кыргызстандан чыгып кеткени белгилүү болгон. Ошол эле жылдын 8-июнунда Мамытбекке аладамчылыкка шектелип жатканы жөнүндө сыртынан билдирүү тапшырылган. Ал эми 13-июлда сыртынан камакка алуу тууралуу чечим чыккан.

2020-жылдын 8-августунда Мамытбектин иши боюнча иликтөө токтотулуп, издөө салынган.

Кечээ, 25-октябрда Кыргызстанга кайтып келген учурда Биринчи май РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалып, милицияга жеткирилген. Учурда Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында кармалып турат.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты