Абактагы блогер Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялады

  • 2 года мурун

Алдамчылыкка шектелип кармалган блогер Гүлзат Алымкулова (Гүлзат Мамытбек) ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордон (КАУБ) билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган борбордун кызматкерлери Бишкектеги ТИЗО-1де текшерүү жүргүзгөн учурда Мамытбек 14-ноябрдан бери тамак ичүүдөн баш тартып, «системага нааразылыгын билдирип жатканын» айткан.

«Айыпталуучунун пикиринде, ага негизсиз айып тагылып жатат жана анын маселеси жарандык тартипте каралышы керек болчу. Анын айтымында, муну тастыктаган бардык документтер бар», — деп жазылат билдирүүдө.

Мындан тышкары айыпталуучу ЖАМК менен ИИМдин мекемелериндеги шарттар канааттандырарлык эмес экенин айткан. Ал кат-кабарлардын өз убагында жөнөтүлбөгөнүнө жана кызматкерлердин орой мамилесине нааразычылыгын билдирген.

Ал эми Бишкектеги ТИЗО-1дин жетекчилиги Гүлзат Мамытбектин бардык маалым каттары ыкчам түрдө дарегине жөнөтүлүп жатканын билдирди.

КАУБдун маалыматына караганда, блогер айым президентке, УКМКга, Акыйкатчы институтуна, БУУга жана АКШ менен Түркиянын Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кайрылуу жолдогон.

Гүлзат Мамытбек ушул жылдын 25-октябрында алдамчылыкка шектелип Биринчи май РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты