Алагөзов: Президенттин бөлүнүп-жарылуу тууралуу сөзү Ташиевге тиешелүү эмес
- 4 недели мурун
Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Камчыбек Ташиевдин УКМК төрагалыгынан кызматтан алынышы боюнча айткандарына социалдык тармактарда тактоо киргизди. Президенттин “бөлүнүп-жарылууларга жол бербей” дегени, Камчыбек Ташиевге тиешелүү эместигин билдирди.
-Президент Садыр Нургожоевич “…Коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым” дегенде Камчыбек Кыдыршаевичти айткан жери жок.
Кеп Камчыбек Ташиевдин атын жамынып алып Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштап, коомдук ишмер, интеллигенция өкүлдөрүнө чейин телефон чалышып, “Генерал жакка өткүлө, буга кол койгула, мындай кылалы, тигиндей кылалы” деп ар кимди ар кыл аракеттерге шыкактап, бул аракеттери менен коомчулук ичинде, анын ичинде Жогорку Кеңеш өңдүү мамлекеттик түзүмдөрдөгү жооптуу кызматтагылардын арасында начар жагдайдын жаралышын шарттаган Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев өңдүүлөр жөнүндө сөз болууда. МинКаб төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан бошотулушу боюнча буга чейин журналисттерге берген комментарийимди бурмалагандар же туура эмес түшүнгөндөр болуп жаткандыктан тактоо киргизүүнү туура көрдүм,-деди президенттин басма сөз катчысы.
Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетиши боюнча пикирин билдирген.
“Бул чечим эң биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче, биримдикти чыңдоо максатында кабыл алынды” деп президенттин сөзүн айткан Аскат Алагөзов.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.
Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Сүрөт: president.kg




