“Биримдикти чыңдоо максатында кабыл алынды”. Жапаров Ташиевдин кызматтан бошотулушу боюнча  

  • 1 месяц мурун

Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетиши боюнча пикирин билдиргенин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов ЖМКга айтты.

“Бул чечим эң биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче, биримдикти чыңдоо максатында кабыл алынды” деп президенттин сөзүн келтирди Аскат Алагөзов.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты