Акыркы жылдары зордук-зомбулук көбөйүп жатканы президенттин кайрылуусунда айтылды
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, IV элдик укурултайдын катышуучуларына кайрылуусунда тилекке каршы зордук-зомбулук көбөйүп жатканын белгиледи.
“Тилекке каршы, акыркы жылдары зордук-зомбулук катталган учурлар көбөйүүдө. Муну айтуунун өзү да оор, бирок бул – биздин коом үчүн кечирилгис жат көрүнүш. Анткени алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт. Биз буга жол бербейбиз! Мамлекет катаал чара көрөт: аялга же балага кол салган бир дагы кылмышкер жазадан кутулбайт, бул мамлекеттин принципиалдуу позициясы” деди президент.
“Өлкөнүн 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жок кылууга артыкчылык берилген. Бирок мен дагы кесе айтам, коомдук маданиятты өзгөртүү зарыл. Эч бир салт, турмуш, шылтоо зомбулукту актабайт. Ар бир ата баласына аялзатын урматтоону үйрөтүүгө тийиш. Ар бир эне кызына ар-намысын коргоону, кордоолорго каршы күрөшүүнү үйрөтүшү керек. Ошондо гана ар бир аялзаты урмат-сыйга ээ болгон, ар бир бала коргоого алынган мамлекетти курабыз” деди Садыр Жапаров кайрылуусунда.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев 47 жаштагы аялдын өлтүрүлүшүнө байланыштуу билдирүү жасады.
“Ким аялга кол көтөрсө, айрыкча курал колдонсо, ал бир нерсени так билиши керек: жоопкерчлик катуу жана сөзсүз болот” деди Ташиев.
23-декабрда Бишкекте үйрөй учурган кылмыш к,атталган жаңы ажырашкан күйөөсү мурдагы аялын МР-79 травматикалык тапанчасы менен атып жиберген. Алган жаракатынан аял ошол жерде жан берген. Бул кылмыш иши киши өлтүрүү беренеси менен катталды. Шектүү убактылуу камак жайына камакка алынды.
«ПолитКлиника» медиасы бул үрөйдү учурга кылмышта каза тапкан аялдын апасы жана сиңдисинен окуянын чоо-жайын сураган. Алар Бишкекте мурдагы милиция кызматкери ажырашкан аялын апасы жана баласынын көзүнчө тапанча менен атып салгандыгын айтып берген. Маркумдун сиңдиси менен апасы бийликке кайрылып, ишти адилеттүү тергеп берүүнү өтүнгөн.
ИИМдин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 11 айында үй-бүлөлүк зомбулукка даттанып 19 миң 995 жаран кайрылган. Анын 519у боюнча кылмыш иши козголгон.
Акыйкатчы институтуна 2025-жылдын 10 айында аялдар менен балдардын укуктарынын бузулушу боюнча 129 арыз түшкөн (2024-жылы жалпы 135 арыз). Алардын ичинен 24ү үй-бүлөлүк зомбулук маселелерине байланыштуу (2024-жылы — 31).
Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек ШИИББ




