Масалиев: Өкмөт башчысы Акылбек Жапаровдун жоопкерчилигин карашыбыз керек
- 1 месяц мурун
Депутат Исхак Масалиев өкмөттүн ишмердүүлүгү жетиштүү эмес экендигин, мындан улам өкмөт башчысы Акылбек Жапаров жоопкерчиликке тартылышы керектигин билдирди. Бул сөзүн ал Жогорку Кеңештин 11-декабрдагы кезектеги жыйынында айтты.
Масалиевдин айтымында, 3 жыл мурун өкмөт тарабынан айтылган убадалар аткарылган эмес.
«Көмүр кенде кытайлыктар бизде иштейт деп өкмөт башчы айткан. 3 жыл мурда айтылган. Кытайлык бир да компания иштете элек. «Беш-Бурхан» шахта деп айткансыңар, «Кызыл-Кыя» шахта деп айткансыңар. Кана ошол жердеги жумуштар? Мал базарын асфальттап берем деп убада бергенсиңер, бир да мал базарынын асфальтталганын көргөн жокмун. Себеби ал өкмөттүн иши эмес чынын айтканда. Айтылып кетти, элге жакты сөз»,- деген депутат.
Ошондой эле Масалиев көптөгөн министрлер кызматтан кетип жаткандыгын, жогорку кызматтагылар жоопкерчиликке тартылып жаткандыгын айтып, эми жетекчиси да жооп бериши керек деп билдирген.
«3 жылдан бери биз 34 гидрообъект курабыз дегенбиз. 3 жылдан бери куруп атабыз. Жетиштүү эмес. Менин жеке пикирим, өкмөт башчысы жооп бериши керек. Канча министр кетти кызматтан? Канча жогорку кызматтагы кишилер жоопкерчиликке тартылды? Эми акыры жетекчиси да жооп берген мезгил келип калды деп ойлойм. Эми биздин колубуздан келбейт. Ишенбестик жарыяласак, менден башка эч ким добуш бербейт. Бирок айткан сөзүмдү маселе чече турган кишилер карап туруп, бир жыйынтыкка келсек. Урматтуу кесиптештер, менин жеке пикирим боюнча, өкмөттүн ишмердүүлүгү жетиштүү эмес. Өкмөттүн башчысы Акылбек Үсөнбековичтин жоопкерчилигин карашыбыз керек», -деди ал.
Сүрөт: интернет булактары