Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин толук кандуу төрагасы болуп дайындалды
- 3 года мурун
Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка, бүгүн, 13-октябрда президент Садыр Жапаров кол койду.
Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.
Эске сала кетсек, кечээ, 12-октябрда Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Муну бөлүшүү