Акыйкатчы Жаманбаева Москвадагы мончодо кыргызстандыктардын кармалышы боюнча маселе көтөрдү
- 3 месяца мурун
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Москва шаарында КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынынын алкагында Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен жолугушуу өткөрдү.
Бул тууралуу акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Жамиля Жаманбаева 2025-жылдын 10-апрелинде Москва шаарындагы “Бодрость” мончо комплексинде болгон окуя боюнча тынчсыздануусун билдирди.
«Видео кадрларда кыргыз жарандарынын массалык кармалышы учурунда күч колдонуунун негиздүүлугүнө суроолор жаралат. Кыргыз жарандарына карата ар кандай административдик же күч колдонуу чаралары процесстик укуктарды, эл аралык милдеттемелерди сактоо менен жүргүзүлүшү керек. Кыргызстан Евразия экономикалык союзунун толук укуктуу мүчөсү» деди ал.
Акыйкатчы орусиялык кесиптеши Татьяна Москальковадан биздин жарандардын укуктарын коргоону камсыз кылууга көмөк көрсөтүүнү суранды.
Татьяна Москалькова бул окуя боюнча анын кайрылуусунан кийин Россиянын прокуратура жана Миграция кызматы текшерүүлөрдү баштаганын маалымдады.
«Бул окуяга мен реакция жасадым жана аны жеке көзөмөлдөйм. Учурда биздин өлкөдө коопсуздукту күчөтүү талап кылынууда. Бирок, коопсуздук чараларын күчөтүү менен бирге мыйзамдуу жүргөн адамдардын укуктары бузулбашы керек.
Жакында Шереметьево аэропортунда эмгек мигранттарына катаал мамиле болуп, документтери узак текшерилип жатканы тууралуу маалымат алдык. Бул маселени Чек ара жана Бажы кызматынын жетекчилиги менен бирге карап чыгып, тиешелүү чараларды көрдүк. Мындан ары дагы ар бир конкреттүү учур боюнча иш алып барууга даярбыз» деди Россиянын акыйкатчысы.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы мончо комплекстеринин биринде Кыргыз Республикасынын жарандары тартылган видеотасма жарыяланганына байланыштуу билдирүү таратты. Кыргызстандыктарды документтери бар-жоктугун жана мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Орусиянын ички иштер министрлигинин Москва шаарынын Тимирязев району боюнча башкармалыгына алып барышкан.
«Орус тарапка укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн операциянын, ошондой эле жарандарга карата күч колдонуунун негиздери боюнча маалымат берүү жана эгерде күч колдонуу негизсиз болсо, бул окуя боюнча Москванын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө карата тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен расмий нота берилди. Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүү жана келечекте кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине доо кетире турган ушул сыяктуу жагдайларга жол бербөө өтүнүчү айтылды» деп айтылат КР ТИМ маалыматында.
КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Москвада кармалган 24 жарандын 20сы бошотулуп, 4 жаранга Россия Федерациясынан чыгаруу тууралуу токтом чыгарылган.
2-апрелде депутат Жанар Акаев Орусияда мончолордун биринде кыргызстандыктарга күч колдонулганы жөнүндө сүрөт, видеолорду фейсбукка жарыялаган.
Сүрөттөр: Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы