Москвадагы мончодо кыргызстандыктардын кармалышы: 20 киши бошотулуп, төртөө Орусиядан чыгарылат
- 2 недели мурун
- Видео
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Москвадагы мончодо кармалган 24 кыргызстандыктын 20сы бошотулуп, төртөө Россиядан чыгарыла турганын билдирди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, мекеменин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын элчилиги менен бирге бул кырдаалды көзөмөлгө алып, түндүк административдик аймак боюнча ички иштер башкармалыгына кайрылышкан.
Учурда кармалган 24 жарандын 20сы бошотулуп, 4 жаранга Россия Федерациясынан чыгаруу тууралуу токтом чыгарылган.
Эмгек министрлиги өкүлчүлүктүн кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында эле Москвадагы полиция бөлүмдөрүнө жана убактылуу кармоо борборлоруна 135 жарандын кызыкчылыгын коргоп 116дан жолу барышканын, ошондой эле 9 соттук процесске катышканын билдирди.
Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги ЖМКда Москвада мончодо кыргызстандыктардын кармалышы боюнча тиешелүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп жатканын билдирген.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы мончо комплекстеринин биринде Кыргыз Республикасынын жарандары тартылган видеотасма жарыяланганына байланыштуу билдирүү таратты. Кыргызстандыктарды документтери бар-жоктугун жана мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Орусиянын ички иштер министрлигинин Москва шаарынын Тимирязев району боюнча башкармалыгына алып барышкан.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ал жерге барган жана абалды тактоо үчүн кыргызстандыктарга укуктук консулдук жардам көрсөтүлүп жатканы кабарланды. Ошол эле учурда рейд учурунда Орусиянын укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалымат такталып жатат.
12-апрелде депутат Жанар Акаев Орусияда мончолордун биринде кыргызстандыктарга күч колдонулганы жөнүндө сүрөт, видеолорду фейсбукка жарыялаган.
Сүрөт: Соцтармактагы видео тасмадан.