Москва шаарында кыргызстандыктардын кармалышы: ТИМ нота жолдоду

  • 1 месяц мурун

2025-жылдын 11-апрелинде Москва шаарындагы «Бодрость» мончо комплексинде Кыргыз Республикасынын жарандарын массалык түрдө кармоого байланыштуу 14-апрелде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинде тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Россиянын элчиси Сергей Вакунов менен жолукту.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Орус тарапка укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн операциянын, ошондой эле жарандарга карата күч колдонуунун негиздери боюнча маалымат берүү жана эгерде күч колдонуу негизсиз болсо, бул окуя боюнча Москванын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө карата тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен расмий нота берилди. Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүү жана келечекте кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине доо кетире турган ушул сыяктуу жагдайларга жол бербөө өтүнүчү айтылды» деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги ЖМКда Москвада мончодо кыргызстандыктардын кармалышы боюнча тиешелүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп жатканын билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы мончо комплекстеринин биринде Кыргыз Республикасынын жарандары тартылган видеотасма жарыяланганына байланыштуу билдирүү таратты. Кыргызстандыктарды документтери бар-жоктугун жана мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Орусиянын ички иштер министрлигинин Москва шаарынын Тимирязев району боюнча башкармалыгына алып барышкан. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ал жерге барган жана абалды тактоо үчүн кыргызстандыктарга укуктук консулдук жардам көрсөтүлүп жатканы кабарланды. Ошол эле учурда рейд учурунда Орусиянын укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалымат такталып жаткандыгын да кабарлаган.

Москвадагы мончодо кармалган 24 кыргызстандыктын 20сы бошотулуп, төртөө Россиядан чыгарылары айтылды.

12-апрелде депутат Жанар Акаев Орусияда мончолордун биринде кыргызстандыктарга күч колдонулганы жөнүндө сүрөт, видеолорду Фейсбук социалдык тармагынын баракчасына жарыялаган.

Сүрөт: Соцтармактагы видео тасмадан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты