Президент Акыйкатчы институт ишине колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-сентябрда, акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.

Ана айтылгандай, жолугушуунун жүрүшүндө адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы актуалдуу маселелер каралды.

Жамиля Жаманбаева мамлекет башчыга Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Садыр Жапаров адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жана сактоо мамлекеттик саясаттын маанилүү артыкчылыктарынын бири экенине токтолду.

Мамлекет башчы кыйноолорду колдонуу же жарандардын укуктарын бузуу боюнча кайрылуулар келип түшкөн учурда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери толук жана ар тараптуу иликтөө жүргүзүп, мыйзам тарабынан кепилденген жарандардын укуктарын коргоону камсыз кылып, укук коргоо органдары тарабынан мүмкүн болуучу басымдан же мыйзамсыз аракеттерден коркпостон алардын кызыкчылыктарын коргошу керектигин өзгөчө баса белгиледи.

Президент Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты