Акыйкатчы мурдагы күйөөсү бычактаган аялдын укугун коргоого жооптууларга чара көрүүгө чакырды

  • 7 месяцев мурун

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бүгүн, 24-сентябрда, мурдагы күйөөсүнүн болуп көрбөгөндөй зордук-зомбулугуна кабылган, кулак-мурду, бети кескиленип, бычакталган аялдын ал-абалын ооруканага барып көрдү.

“Балдарынын энесине мындай мындай катаал зордук-зомбулук көрсөткөндүгү үчүн” ал киши оор жазага тартылышы керек”  деп белгиледи акыйкатчы.    

Акыйкатчы ооруканада жабырлануучу жана анын бир тууганы менен баарлашты. Ал аял жаш балдарынын жан дүйнөсүнүн жабыркаганына кейиди, себеби анын кичүү уулу кылмышты өз көзү менен көргөн.

Аялдын бир тууганы акыйкатчыга кылмыштын дене-бойду дүркүрөткөн мисалдарын айтып берди. Мурдагы күйөөсү аялдын кулак, мурдун кескилегенден кийин, бетин тилген. Ал аял ооруканада психологиялык да жардам алууда. Акыйкатчы институту анын балдарына да тиешелүү жардам берерин билдирди.   

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Министрлер кабинетинен, Жогорку Соттун төрагасынан, башкы прокурордон мурдагы күйөөсү кулак-мурдун бычактап кескилеген аялдын укугун коргоого жооптууларга чара көрүүгө чакырды.

Сокулук районунун Селекция айылында болгон кылмыш иши аялдын укугунун болуп көрбөгөндөй бузулушу болуп саналат.  

“Ал аял бир канча жолу укук коргоо органдарына мурдагы күйөөсүнүн зордуктаганы боюнча кайрылып, жардам сураган. Бирок ага карабастан, оор кылмыш боюнча үч жыл пробацияны колдонуп, эркиндикке чыгарып жиберишкен. Сот жана укук коргоо органдарынын жетекчиликтери токтоосуз түрдө мындай оор кылмышка жол ачкандарга эң катаал чара көрүлүшү керек. Кайдыгерлиги менен оор кылмышка жол ачкан ар бир кызматкер жазага тартылыш керек” деп белгиледи Акыйкатчы.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык уюму Сокулук районунун Селекция айылында бычакталган келин жөнүндө макала жарыялады. Анда келиндин окуясы кенен баяндалып, өлкөнүн укук коргоо органдары начар иштегендиктен үй-бүлөлүк зомбулук болуп жатканы айтылат.

Уюм 2022-жылы Кыргызстанда 6580 үй-бүлөлүк зомбулук катталып, анын 2709у гана сотко жеткенин белгилеген. HRW кыргыз бийлигин үй-бүлөлүк зомбулукту токтотууга кескин чараларды көрүүгө чакырды.

20-сентябрда Чүй облустук милициясы Селекция айылында 36 жаштагы аял бычакталып, ооруканага түшкөнү боюнча маалымат келгенин билдирген. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (“Денеге оор залал келтирүү”) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары 39 жаштагы Э.А. аттуу жаран кармалган. жана эки айга камалган.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов келинге сегиз сааттык операция жасалганын, учурда абалы орточо оор экенин билдирди.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Сокулук районунун Селекция айылында бычакталган келиндин иши боюнча кеңешме өткөргөн. Анда келинди бычактоого шек саналып кармалган А.Э. аттуу жаранга буга чейин эки жолу зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду. 

Cүрөт: Акыйкатчы институту.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты