Сокулук айылында 20 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды

Сокулук районунун Сокулук айылында 20 гектар жер итлкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.          

УКМК тарабынан Сокулук айыл өкмөтүнүн Айыл чарба багытындагы жерлердин мамлекеттик фондусуна тиешелүү болгон аянты 20 гектар жер тилкеси маалымат базасында катталган эмес

Ошол эле учурда аталган жер тилкеси 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик каттоо органдарынын маалымат базаларында катталбаганы аныкталып, ошондой эле бул жер үчүн ижара акысы төлөнгөн эмес.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында жалпы аянты 20 гектар болгон жер үлүштөрү мамлекеттин балансына кайтарылды.

Сүрөт: УКМК видеосунан алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты