Бишкекте оор жүк ташуучу унаа сүзүп, аял көз жумду
- 2 недели мурун
- Видео
Бүгүн, 24-июнда, күнү саат 15:05 чамасында Бишкек шаарынын Лев Толстой жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды.
Бишкек шаардык кайгуул кызматы билдиргендей, баштапкы маалыматтарга ылайык, HOWO оор жүк ташуучу унаа түндүктү көздөй бара жатып 58 жаштагы аял кишини сүзүп кеткен, натыйжада ал алган жаракаттарынан каза болгон.
Жүргүнчү аял жолдун белгиленбеген жеринен өткөндүгү айтылды. Бул факты боюнча тиешелүү териштирүү иштери жүрүп жатат.
Сүрөт: Бишкек ИИББ кайгуул кызматы
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




