Сокулуктун Селекция айылында аялды бычактаганы айтылган жаран кармалды

  • 8 месяцев мурун

Сокулук районунун Селекция айылында аялды бычактаганы айтылган киши Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалганы жана убактылуу кармоочу жайга киргизилгени маалымдалды.

Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы 20-сентябрда “Азаттыкка” билдирди.

Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 36 жаштагы аял бычакталып, кийин ооруканага жеткирилгени жөнүндө маалымат милицяга келип түшкөн. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин («Денеге оор залал келтирүү») негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары 39 жаштагы Э.А. аттуу жаран кармалды.

Маалыматка ылайык, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланып жатат.

Буга чейин социалдык тармактарда Селекция айылында жашаган ялды мурдагы күйөөсү бычактап, денесине оор залал келтиргенин жазып чыгышкан. Соцтармактарда үрөйдү учурган сүрөттөр да жарыяланган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты