«Сокулук» жана «Туюк» чакан ГЭСтери ишке киргизилди 

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Чүй облусунун Сокулук районундагы “Сокулук” жана “Туюк” чакан ГЭСтерин ишке киргизүү аземине катышты.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 48 чакан ГЭС иштейт, алардын жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзөт.

“Учурда жалпы республика боюнча 50 чакан ГЭС курулуп жатат. Быйылкы жылдын иш-планында алардын 13үн куруп, ишке киргизүү пландалган” деп белгиледи Жапаров. 

Мамлекет башчы энергиянын кайра жаралуучу булактарын кеңири пайдалануу аркылуу Кыргызстан эл аралык экологиялык милдеттенмелерин аткарууга жана “жашыл өнүгүү” саясатын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк аларын кошумчалады. 

Президент долбоор Улуттук инвестициялар агенттигинин көмөгү аркылуу “Сокулук ГЭС-3” ЖЧКсы менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин негизинде ишке ашырылганын билдирди. 

“Келишимдин алкагында эки чакан гидроэлектр станциядан турган каскад курулду. Биринчиси — Сокулук дарыясында кубаттуулугу 9,7 МВт, экинчиси — анын куймасы Туюкта 5,9 МВт. Эки ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 15,6 МВтты түзөт.

Ал долбоордун алкагында толук энергетикалык инфратүзүм: башкы курулмалар, гидроэлектр станциялардын имараттары, подстанциялар, ошондой эле электр берүү линиялары курулганын баса белгиледи. Бардык объекттер ата мекендик инвестордун каражатына курулду. Жалпы инвестициянын көлөмү болжол менен 1,7 млрд сомду түзөт. 

Андан соң президент ГЭСтин ишмердүүлүгү менен таанышып, машина залын, башкаруу пультун жана бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдү көрүп чыкты. 

Иш-чаранын соңунда Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен баарлашып, гидроэлектр станциялар активдүү курулуп жатканына карабастан, айрыкча кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгы сакталып жатканына токтолду.

«Сокулук» жана «Туюк» чакан ГЭСтери ишке киргизилди 
«Сокулук» жана «Туюк» чакан ГЭСтери ишке киргизилди 

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты