Селекция айылында мурдагы аялын бычактаганга шектелген жаран эки айга камакка алынды

  • 8 месяцев мурун

Сокулук районунун Селекция айылында мурдагы аялын бычактаганга шектелген жаран эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Сокулук райондук сотунун чечими менен 20-ноябрга чейин камакта калды.

Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 36 жаштагы аял бычакталып, кийин ооруканага жеткирилгени жөнүндө маалымат милицяга келип түшкөн. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (“Денеге оор залал келтирүү”) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары 39 жаштагы Э.А. аттуу жаран кармалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты