Абакта жаткан Махабат Тажыбек кызынын өмүрүнө коркунуч келип жатканы айтылды

  • 4 недели мурун

Абакта жаткан “Айт айт десе” жана “Темиров лайв” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын өмүрүнө коркунуч келип жаткандыгы тууралуу кат аркылуу билдиргенин Фейсбук баракчасына анын жолдошу, иликтөөчү журналист Болот Темиров жазды.

Махабат Тажыбек кызынын катында түрмөдө ага соттолуучунун бири тарабынан ууландырып салуу, өлтүрүү менен коркутуу болуп жатканы айтылат.

Абакта жаткан Махабат Тажыбек кызынын өмүрүнө коркунуч келип жатканы айтылды

Махабат Тажыбек кызы № 2 аялдар абагына жиберилген.

Жаза аткаруу кызматы Махабат Тажыбек кызынын катына жооп бере элек.

2024-жылы 10-октябрда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунда иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен 11 журналисттин иши боюнча соттук отурумда чечим чыгарылды.   

Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылды. Калган журналисттер — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков соттун чечими менен акталды.  

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Сүрөт: Сот учурунда. 18-июль 2024-жыл. «ПолитКлиника»медиасы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты