Акыйкатчы Европа Биримдигинин өкүлүн Тажикстан агрессиясын айыптоого чакырды  

  • 2 года мурун

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Европа Биримдигинин Адам укуктары боюнча атайын өкүлү Имон Гилмор менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Акыйкатчы ЕБ атайын атайын өкүлүнөн Баткен облусунун тынч элине каршы тажик аскерлеринин куралдуу агрессиясын чечкиндүү айыптоону, Тажикстанды чек ара айылдарынын жай тургундарына каршы куралдуу жана башка чагымчыл аракеттерди токтотууга мажбурлоо чараларын көрүүнү өтүндү.

Абдрахматова Евробиримдиктин атайын өкүлүнө 19-сентябрдан бери Акыйкатчы аппарат кызматкерлери менен бирге Баткен облусунун бардык жабыркаган айылдарын кыдырып, 400дөн ашык жай тургундар менен, алардын көбү Тажикстандын аскер агрессиясынан улам качууга аргасыз болгон аялдар менен маектешкенин билдирди.

Кыргызстандын 60тан ашуун жараны, анын ичинде он беш жаштагы кыз каза болгону, жабыркагандардан – 20дан ашыгы жаш бала, 20дай аял, алардын бир нечесинин абалы дагы эле оор. 140 миңден ашык жаран, биринчи кезекте балдар, кары-картаңдар, аялдар жана майыптуулугу барлар өз өмүрүн сактап калуу үчүн тез арада үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

«Бир нече айылдын калкы азыр үйүнө кайтып келе турганга шарты жок. Кээ бир үйлөр толугу менен тонолгон жана өрттөлгөн, көпчүлүк аткыланган айылдардын тургундарынын малы уурдалган, жыйналган түшүмдөрү уурдалган же өрттөлгөн. Лейлек районунун Максат айылындагы мектепти жана бала бакчаны сабак учурунда тажик аскер кызматкерлери аёосуз аткылаган. Ок атууну токтотуу талабына карабастан, агрессорлор Баткен районунун Ак-Сай жана Достук айылдарындагы мектептерди, бала бакчаларды жаш балдардын барына карабай аткылап, басып алып, жабдуулдарды талкалап, өрттөгөн. Мектеп кароолчусун, ошондой эле үйүнөн качып кете албаган майыптуулугу бар адамды мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Шашылыш качуу гана аткылоо учурунда бала бакчаларда жана мектептерде калган балдарыбыздын өмүрүн сактап калды» деп айтылат маалыматта.

Эми алардын жашоосу мурункудай болбойт, балдардын бактысы, кыялдары талкаланып, аскердик агрессиянын балдарга келтирилген зыяны узакка созулаарына Акыйкатчы өзгөчө токтолуп кетти.

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстандын кол салуусунан алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 414 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты