Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин адам укуктарын коргоо институттарынын жетекчилери жолугушту

Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин адам укуктарын коргоо боюнча улуттук укук коргоо институттарынын биринчи консультативдик жолугушуусу өттү.

Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчы институту билдирди.

Иш-чарага Беларусь, Иран, Казакстан, Кытай, Россия Таджикстан, Пакистан жана Өзбекстандын адам укуктарын коргоо боюнча улуттук институттары жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен өкүлдөрү катышты. Ал эми, Индия онлайн форматта катышты.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева ШКУга мүчө мамлекеттердин алкагында алгачкылардан болуп адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатында ачык талкуу жүргүзүү уюштурулганын белгиледи.

“Бүгүнкү иш-чара бир канча өлкөлөрдүн, укуктук системаларын жана институттарынын өкүлдөрүнүн башын бириктирип отурат. Бирок баарыбызды адам укуктарын коргоо механизмдерин чыңдоо, адилетүүлүктү өнүктүрүү, кадар-баркты урматоого болгон жалпы умтулуу бириктирип турат” деди акыйкатчы.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев өлкө башчысынын куттуктоосун окуп берди.

Жолугушуунун катышуучулары Акыйкатчыга ШКУга мүчө мамлекеттеринин улуттук укук коргоо институттарынын өз ара аракеттенүүсү үчүн аянтча түзүп бергенине ыраазычылык билдиришти.

Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратова 2027-2028-жылдары Россия ШКУга төрагалык кыларын укук коргоо институттарынын өнүгүүсүн колдой турганын билдирди.

“Мындай жаңы диалогдук форматтагы жолугушуубуз жакшы натыйжа берет деп ишенем. Мен үчүн адам укуктары жаатындагы эл аралык кызматташтык — бул адамды уга билүү жана ага өз убагында жардам берүү жөндөмү”деп белгиледи Яна Лантратова.

Өзбекстандын Олий Мажлисинин Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Феруз Эшматов бул аянтча өзгөчө мааниге ээ экенин, анткени ШКУга мүчө мамлекеттердеги адам укуктарын жана эркиндиктерин түздөн-түз коргогон институттардын ортосунда кесиптик тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтты.

ШКУнун башкы катчысы Пяо Янфан геосаясий тирешүүнүн күчөшү, бир тараптуу мамилелердин жана протекционизмдин өсүшү шартында адам укуктары жаатындагы глобалдык башкаруу системасы жаңы чакырыктарга туш болуп жатканын белгиледи.

Ирандын Адам укуктары боюнча штабынын өкүлү Касем Бармуза улуттук укук коргоо институттары адамдардын бири-бирине жана эл аралык уюмдарга карата жүрүм-турум нормаларын калыптандырууда жана бекемдөөдө негизги ролду ойношу керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, ШКУга мүчө мамлекеттердин адам укуктарын коргоо боюнча улуттук институттарынын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду.

Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин адам укуктарын коргоо институттарынын жетекчилери жолугушту

Сүрөттөр: Акыйкатчы институту

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты