Активист Ырыс Жекшеналиевдин үй камагы 25-майга чейин узартылды

  • 1 год мурун

Активист Ырыс Жекшеналиевдин үй камактагы мөөнөтү 25-майга чейин узартылды.

Бул тууралуу kloop kg басылмасына адвокат Нурбек Сыдыков билдирди.  Адвокаттын айтымында, үй камактын мөөнөтүн прокурордун сунушу менен узартылган.  

Тараптарга сөз берүүнү сот 3-апрелге белгилегенин да адвокат кошумчалаган.  

Өткөн жылы 14-августта Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев кармалган. Буга УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеосун аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы белгилүү болгон.  

Аталган жагдайда кылмыштын курамы бар экендигине байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык баш аламандык) 3-пунктуна (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) ылайык кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Биринчи май райондук соту 16-августта блогерди шаардагы №1 тергөө абагына эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарган.

Бишкек шаардык соту өтөкн жылы 26-октябрда активист жана блогер Ырыс Жекшеналиевди үй камагына чыгарган. Ар бир эки айда сот анын бөгөт чарасын карап турат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты