Шаирбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды
- 4 недели мурун
Мурдагы депутат, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды.
Бул тууралуу чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.
Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айыпталып жаткан Шаирбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү 2026-жылдын 16-сентябрына чейин узартылды.
«Кыргызнефтегаздагы» коррупция фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголду.
Салык кызматы “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы ири коррупциялык схемага Ташиевдердин үй-бүлөсү катышканын ачыктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын «Ай салык» Ютуб-баракчасындагы “Өз кишилер үчүн нефть: «Кыргызнефтегазды” кандайча курутушкан?” аттуу иликтөөдө белгилүү болду.
Андагы маалыматтарга ылайык, “Кыргызнефтегаз” ишканасы чийки сырьелорун ортомчу компанияларга сатып, ортомчу компаниялардан даяр продукцияларды кайра өзү кымбат баа менен сатып алып турган. Ортомчу компаниялардын дээрлик бардыгы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары менен байланыштуу компаниялар болгон.
Сүрөт: Интернет булактарынан




