Активист Өндүрүш Токтонасыровдун иши боюнча сот процесси кайра башталды

  • 2 месяца мурун

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун иши боюнча сот процесси кайра башталды.  

Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук баракчасында билдирди.

Өндүрүш Токтонасыров кылмыш жаза-кодексинин 330-беренеси (расалык этникалык, улуттук, диний жана регион аралык кастыкты козутуу) боюнча айыпталууда.

Буга чейин эки жолу экспертиза дайындалганына карабастан, сот мамлекеттик экспертизаны кайталап дайындаган.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 2023-жылы 1-июлда ички иштер министрлигинин тергөө кызматына сурак берип чыккан.

Өткөн жылы 30-июнда кечки саат 9 чамасында белгисиз төрт киши Өндрүүш Токтонасыровду Сокулук районунун Лесное айылынан машинага салып, белгисиз жакка алып кетишкен. Ал үч сааттай дайынсыз болгон. Жарандык активистке жакшылап түшүндүрбөй, үй- бүлөсүнө кабар бербей, суракка чакыруу кагазын жөнөтпөй, колун кайрып туруп, машинага салып кетишкендиги маалым болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты