Активист Өндүрүш Токтонасыров табылбай жатканда ИИМде суракта болгон

  • 10 месяцев мурун

Белгисиз бирөөлөр алып кетип, дайыны билинбей жаткан жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгында суракта болгон. Бул тууралуу ал өзү ЖМКга билдирди.

«ИИМдин тергөөчүсү А. Эркинбеков мага «расалык, этникалык, улуттук жана аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугу тууралуу токтомду берди. Фейсбук баракчам аркылуу мен расалык, улуттук кастыкты козутуп жаткан экенмин. Мен социалдык тармактын активдүү колдонуучусумун, саясат темасына жазып келгем жана мындан кийин да жаза берем. Алар менден кандайдыр бир документке кол коюуну талап кылышты, бирок мен адвокатсыз кол койбой тургандыгымды айттым. Мени саат 23:00 дө кое беришти. 1-июлда ИИМге барышым керек» деди Токтонасыров.

Жарандык активистке жакшылап түшүндүрбөй, үй- бүлөсүнө кабар бербей, суракка чакыруу кагазын жөнөтпөй туруп, келип колун кайрып, машинага салып кетишкендигин укук коргоочулар билдиришти.

30-июнда кечки саат 9 чамасында белгисиз төрт киши аны Сокулук районунун Лесное айылынан машинага салып, белгисиз жакка алып кетишкен. Ал Лесное айылында келини дүкөнгө кеткенде 4 жашар небересин карап турган. Ал эми келини келгенде аны машинага салып алып кетүүгө камынып калышкан. Өндүрүш Токтонасыров укук коргоочуларга, айрыкча Азиза Абдирасуловага өзүн алып кетип жаткандыгы тууралуу билдирип коюуну суранган. Бул тууралуу укук коргоочулар Фейсбук баракчасына жазышты.  

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты