Өндүрүш Токтонасыров сурактан чыкты. Ага кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголду

  • 10 месяцев мурун

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн,1-июлда, Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына сурак берип чыкты.

Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.  

Өндүрүш Токтонасыровго кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту, расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголду.

Ал суракка 4-июлда дагы бара турган болду.

30-июнда кечки саат 9 чамасында белгисиз төрт киши Өндрүүш Токтонасыровду Сокулук районунун Лесное айылынан машинага салып, белгисиз жакка алып кетишкен. Ал үч сааттай дайынсыз болгон. Жарандык активистке жакшылап түшүндүрбөй, үй- бүлөсүнө кабар бербей, суракка чакыруу кагазын жөнөтпөй, колун кайрып туруп, машинага салып кетишкендиги маалым болгон.

«ИИМдин тергөөчүсү А. Эркинбеков мага «расалык, этникалык, улуттук жана аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугу тууралуу токтомду берди. Фейсбук баракчам аркылуу мен расалык, улуттук кастыкты козутуп жаткан экенмин. Мен социалдык тармактын активдүү колдонуучусумун, саясат темасына жазып келгем жана мындан кийин да жаза берем. Алар менден кандайдыр бир документке кол коюуну талап кылышты, бирок мен адвокатсыз кол койбой тургандыгымды айттым. Мени саат 23:00 дө кое беришти. 1-июлда ИИМге барышым керек» деди Токтонасыров.

Жарандык активист Фейсбук баракчасындагы соңку маалыматтарында «Асман шаарын эмес, Ысык-Көлдү коргоп калуу мен үчүн маанилүү№ деп жазган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты