Активист Атай Бейшенбек: Сотту жабык өткөрүү токтому менен тааныштыргыла дедик (Видео)

Кемпир-Абад маселеси, жапырт баш-аламандыкты уюштуруу беренеси менен камалган саясатчылардын дагы бир тобунун бөгөт чарасын сотто кароо улантылууда.

Камалгандардын арасындагы активист Атай Бейшенбек Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна алынып келингенде жрналисттерге кыскача буларды айтууга үлгүрдү:    

-Сотту жабык өткөрүү токтому менен тааныштыргыла, эмне себептен сотко массалык маалымат каражаттары,  туугандар катыша албайт деген суроону койгондуктан, сот процессин кайра жылдырып койду окшойт, -деди ал.

Өткөн жылы 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

“Кабар” агенттигине курган маегинде Жапаров аталган иш боюнча камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен” деп айткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты