Активист Адилет Балтабайдын соту 10-ноябрга жылдырылды

  • 6 месяцев мурун

Жарандык активист Адилет Балтабайдын (Мыктыбек Адилет Али) Сокулук районундагы сот иши 10-ноябрга жылдырылды.

Бул тууралуу ал өзү Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

«Пробациялык чечимди жокко чыгарууга аракеттер болууда, каматып тынабыз деп. Мындай аракеттер мыйзамдуу мамлекеттин белгиси эмес» деди Адилет Балтабай.

Адилет Балтабай азыр ооруканада дарыланып жаткандыгы маалым болду.

Блогер 13-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, №27 абакка камакка алынган. Апрелде эркиндикке чыгарылган.

Ага чейин жарым жылдай камакта отуруп, өткөн жылы 11-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда “Жапырт башаламандык” беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган. Пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган.

Социалдык түйүндөрдөгү соңку видеосунда ал “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) боюнча бийликтин аракетин сындаган. 4-октябрда УКМК Көлбаев Бишкекте атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган жана ага бир топ айып тагылып жатканын маалымдаган.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты