АКШ кыргыз бийлигин журналисттин эркин иштөөсүнө шарт түзүүгө чакырды

  • 3 месяца мурун

Кошмо Штаттар Кыргызстандын бийлигин журналисттердин эркин иштөөсү үчүн шарт түзүүгө чакырды. 18-январда АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтына бул тууралуу атайын билдирүү жарыяланды.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Мэтью Миллер “Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасында өкмөттүн көз каранды эмес маалымат каражаттарына жана журналисттерге каршы соңку аракеттери тууралуу билдирүүлөргө терең тынчсызданууда. Бул аракеттер, кыязы, өкмөт коомдук талкууну жана сөз эркиндигин баскысы келгендей ишмердүүлүк сыяктуу көрүнүүдө. Биз кыргыз бийлигин журналисттерге басым-кысымсыз иштөө шартын камсыз кылууга чакырабыз. Эркин жана көз каранды эмес басма сөз адам укуктарын коргоо, натыйжалуу демократиялык институттарды колдоо жана тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн маанилүү.”

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынды.

«Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынан, бардыгы болуп 11 кызматкерди милиция 16-январда кармап кеткен.

ИИМ «Айт Айт Десе» жана «Temirov Live» баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктар» беренесинин үчүнчү бөлүгү «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар» менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникаларын алып кетип, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин «Согушту пропагандалоо» беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

Бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, ким эмнени кааласа айта аларын кайталап келет.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты