Акматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, шайлоо жана референдумдарын өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында добуш берүүнүн  алдын ала жыйынтыктарын туура эмес көрсөтүү фактысы боюнча текшерүү жүргүзүүдө. Буга байланыштуу «Азаттык» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Акматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды.

Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

“1-декабрда социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акматбек Келдибековдун добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын бурмалоо боюнча негизсиз жана тастыкталбаган схеманы көрсөтүп, коомду адаштырып, ошону менен коомдук саясий кырдаалды туруксуздаштырууга шарт түзгөн видео тараган. Буга байланыштуу Келдибеков видеотасмада айтылган жүйөлөрү боюнча түшүндүрмө берүү үчүн КР УКМК суракка чакырылды.” деп айтылат маалыматта.

Буга чейин БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын сайтка чыгарууда негизги серверге сырттан эч кандай кийлигишүүсүз, ар кандай фальсификацияны жокко чыгарган механикалык ката кетирилгендиги тууралуу түшүндүрмө берген.

Саат 20:30га карата 1500гө жакын шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташкан системага түшкөн. Алдын ала жыйынтык боюнча, 10 партия 5 пайыздык чектен өткөн. Бирок маатыматты көрсөтүүдө катачылык кетти деп, добуштар азайтылып, беш партия 5 %дык чектен өттү делген. Алар

Алдын ала жыйынтык боюнча, төмөндөгү партиялар 5 пайыздык чектен өттү: «Ата-Журт Кыргызстан» — 16,91%, «Ишеним» — 13,55%, «Ынтымак» — 10,88%,«Альянс» — 8,82%, «Бүтүн Кыргызстан» — 6,77% жана «Ыйман Нуру» — 6,03%.

БШК төрайымы автоматтык эсептөө юридикалык күчкө ээ эместигин, кол санактын жыйынтыгын күтүүнү билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты