БШК сайтына жарыялаган шайлоонун алдын ала жыйынтыгы тууралуу маалыматты алып салды

  • 2 года мурун

Малым болгондой, буга чейин БШКнын сайтындагы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалыматтар туура эмес берилип жаткан. Андан соң жыйынтыктары көрсөтүлбөй калды. 

Бүгүн, 28-ноябрь саат 20:00дө Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады. Учурда автоматтык эсептөө урнасы добуштарды эсептеп жатат.

БШК сайтына жарыялаган шайлоонун алдын ала жыйынтыгы тууралуу маалыматты алып салды

Саат 20:30га карата 1500гө жакын шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташкан системага түштү. Жалпысынан 2494 шайлоо тилкеси бар.

Алдын ала жыйынтык боюнча, 10 партия 5 пайыздык чектен өттү эле:

«Ата-Журт Кыргызстан» — 29,03%

«Ишеним» — 24,09%

«Ынтымак» — 20,69%

«Альянс» — 14,47%

«Бүтүн Кыргызстан» — 11,15%

«Ыйман нуру» — 10,19%

«Эл үмүтү» — 8,90%

«Азаттык» — 7,90%

«Социал-демократтар» — 6,32%

«Ата Мекен» — 6,45%

Шайлоодо 21 партия ат салышты. Бул жолу добуш берүүдө жаңы ыкма колдонулду. Жарандар бюллетенде партияга жана партиянын тизмесиндеги өзү каалаган талапкерге добуш беришти. Азырынча кайсы талапкерлер алдыда келатканы маалым эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты