Ак-Талаада жер титирөөдөн жабыркаган дагы 21 үй аныкталды  

  • 1 месяц мурун

Нарын облусунун аймагында 12-май күнү катталган жер титирөөдө жабыркаган Ак-Талаа районундагы турак үйлөрдү, социалдык объектилерди иликтөө боюнча райондук жарандык коргонуу комиссиясы кечээ, 14-майда 21 турак үйдүн дубалдарынан жарака кеткенин аныктады.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Тоголок-Молдо айыл аймагындагы Жаңы-Талап айылында турак үй; Ак-Кыя айылында 5 турак үй; Кадыраалы айылында турак үй; Кара-Ой айылында 2 турак үй; Ак-Тал айылында 10 турак үй;

— Баетов айылында 1 турак үй; Байгончок айылында 1 турак үй. (жалпы 21 турак үйдөн 1 турак үй камсыздандырылган, калганы камсыздандырылган эмес).

Жалпы комиссия тарабынан 116 турак үй, 3 мектеп, маданият үйү, бала-бакча, китепкана жана дүкөн жабыркаганын аныктады. Анын ичинен 47 турак үй камсыздандырылса, 69 турак үй камсыздандырылган эмес.

Жарандык коргонуу комиссиясынын маалыматына ылайык, 13-майга карата Ак-Талаа району боюнча жалпы 99 турак үй, 3 мектеп, маданият үйү, дүкөндүн дубалдарынан жарака кеткени аныкталган.

Нарын облусунун аймагында 12-майда күчү 4 балл жана экинчи ирет 5,5 балл жер титирөө катталган. Буга байланыштуу жер-жерлерде жабыркагандар жана кыйроолорду тактоо максатында райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты