Нарын облусунда очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 2 месяца мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык бүгүн, 12-майда саат 07:33тө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Нарын облусунун Жаңы-Талап айылынан 9 чакырым түндүк-батышта, Ак-Кыя айылынан 12 чакырым түндүк-чыгышта, Көк-Жар айылынан 14 чакырым түндүк-чыгышта, Кара-Ой айылынан 15 чакырым түндүк-табшта, Нарын шаарынан 86 акырым түндүк-батышта болгон.

Жердин силкинүүсү Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Кыя, Көк-Жар айылдарында 4 баллга чейин сезилген. Кыдыралы, Сары-Иймек, Байченчек айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер-жерлеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүүдө.

Сүрөт: Сейсмология институту

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты