Ак-Талаа районунда жер титирөөдөн улам жарака кеткен үйлөр жана соцобъекттер такталды

  • 1 год мурун

Нарын облусунда 12-майда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо боюнча тартылган жарандык коргонуу комиссиясынын 13-майга карата корутундусу чыкты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Жарандык коргонуу комиссиясынын маалыматына ылайык, Ак-Талаа району боюнча жалпы 99 турак үй, 3 мектеп, маданият үйү, дүкөндүн дубалдарынан жарака кеткени аныкталды:

Тоголок-Молдо айыл аймагына караштуу Көк-Жар айылында 36 турак үй, Жаңы-Талап айылында 28 турак үй, маданият үйү, Ак-Кыя айылында 21 турак үй, мектеп, Кадыраалы айылында 7 турак үй, мектеп, дүкөн, Кара-Ой айылында 7 турак үй, мектеп (анын ичинен 46 турак үй камсыздандырылган, 53 турак үй камсыздандырылган эмес). Иликтөө иштери бүгүн, 14-май күнү да улантылат.

Нарын облусунун аймагында 12-майда күчү 4 балл жана экинчи ирет 5,5 балл жер титирөө катталган. Буга байланыштуу жер-жерлерде жабыркагандар жана кыйроолорду тактоо максатында райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты