Алай районунда дагы жер титиреди
- 12 часов мурун
Кечээ, 8-ноябрда, саат 05:14тө Улуттук илимдер акаадемиясынын Сейсмология институтунун сейсмикалык станциялары очогунда күчү 3,5 баллга жакын жер титирөөнү каттады.
Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Маалыматта жер титирөөнүн очогу Ош облусунуну Алай районунун Бор-Дөбө айылынын 5 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Бор-Дөбө айылында 3 баллга жеткен.
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, Ош облусунун Алай районунда 4-ноябрда 5 ирет жер титиреди. 4-ноябрда саат 20:50дө сейсмостанциялары очогунда күчү 3,5 балл болгон жер титирөөнү каттады. Саат 16:10дө очогунда 3 балл, саат 3:34тө очогунда күчү 5,5 балл болгон жер титирөө катталды. Саат 03:44тө очогунда 3,5 баллга жеткен, саат 4:50дө очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




