«Аю» компаниясынын директорунун камалышы: Кандай айып коюлууда?

  • 7 месяцев мурун

Издөөдөгү «Аю» компаниясынын директору Тыныбек Исаев кармалып, соттун чечими менен камакка алынганы белгилүү болду. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы ЖМКга тастыктады.

“Аю” компаниясынын директору менен бирге эле дагы бир адам камалганы кабарланды.  

8-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Аю» компаниясынын негиздөөчүсү, чет мамлекетте жүргөнү айтылган ишкер Шаршенбек Абдыкеримовду сыртынан камакка алган. Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин экс-президенти Абдыкеримовго кылмыш-жаза кодексинин төрт беренесинин негизинде айып тагылган. Шаршенбек Абдыкеримов Дубайдын ооруканаларынын биринде реанимацияда жатканы маалым болгон.

«Аю» компаниясынын спирт заводу менен арак заводу конфискацияланып, мамлекетке өтүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Жапаров «Аю» компаниясы «миллиондогон салыктарды төкпөй, 12 миң даана жасалма акциз жана мыйзамсыз чыгарылган 275 тонна спирт менен кармалганын» маалымдаган.

“Аю” компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. “Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, биз бюджетти толтурушубуз керек” деп суранып келдик. Укпады. Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат“ деген Жапаров.

УКМК “Аю” компаниясына таандык 4,1 гектар жер мамлекетке кайтарылганын билдирди.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты