Айсулуу Тыныбекова үчүнчү жолу дүйнө чемпиону болду   

  • 7 месяцев мурун

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова биринчиликти жеңип алып, алтын медалга татыктуу болду.

20-сентябрда Тыныбекова (62 кг салмакта) польшалык, молдовалык, украиналык жана германиялык төрт спортчуну жеңип, финалга чыккан.

21-сентябрда ал япониялык спортчу Сакура Мотокини 4:1 эсебинде жеңип алып, дүйнө чемпиону болуп калды. Бул – Тыныбекованын дүйнө чемпионатындагы үчүнчү алтын медалы.  

Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова алдыдагы Париж Олимпиадасына жолдомо алды.

Буга чейин Айпери Медет кызы олимпиадага жолдомо алган.  

Сүрөт: UWW

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты