Айсулуу Тыныбекова Париж олимпиадасына жолдомо алды

  • 7 месяцев мурун

Сербияда, Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова финалга чыгып, алдыдагы Париж Олимпиадасына жолдомо алды.

Буга чейин Айпери Медет кызы олимпиадага жолдомо алган.  

Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күч сынашкан Айсулуу Тыныбекова жарым финалда германиялык балбан Луиза Ниемешти 4:2 эсебинде уткан.

Ал бүгүн, 21-сентябрда алтын медаль үчүн жапон балбаны Сакура Мотоку менен беттешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты