Глобалдык фонддун гранттары эми саламаттык сактоо министрлигине берилет

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 17-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында 2025-жылы 22-сентябрда Женева шаарында кол коюлган Министрлер кабинети менен СПИД, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.

Жыйында баяндама жасаган саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова белгилегендей, долбоордун милдети Глобалдык фонддун гранттарынын башкы реципиенти функцияларын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берүү болуп саналат.

«Кыргыз Республикасында Глобалдык фонддун гранттардын берилиши 2004-жылы башталган. 2004-2023-жылдардын аралыгында өлкө ВИЧ/СПИД жана кургак учукка каршы күрөшүү боюнча жалпы 180 млн АКШ долларына жакын суммадагы грант алган. 2024-2026-жылдар гранттык циклинин алкагында Кыргыз Республикасына Глобалдык фонд тарабынан 24 млн АКШ доллары бөлүнгөн» деди баяндамачы.

Талкуу маалында депутат Болот Ибрагимов ВИЧ/СПИДге, баңгиликке жана башка терс көрүнүштөргө каршы профилактикалык чараларды күчөтүүгө, анын ичинен өсүп келе жаткан муун арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүүгө чакырып, балдар жана өспүрүмдөр калктын эң аялуу категорияларынын бири экенин билдирди.

Ал эми эл өкүлү Жылдыз Садырбаева мыйзам долбоорун колдоп, саламаттык сактоо тармагы Глобалдык фонддун гранттарынын Башкы реципиенти макамын алуу үчүн узак жол басып өткөнүн айтып, бул чечим фонддун каражаттарын кыйла натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Депутат Гүлшаркан Култаева жарандардын жашоо үчүн маанилүү дары-дармектерге жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу керектигине көңүл бурду. Өз кезегинде депутат Уланбек Жаанбаев ооруканаларда ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган балдарды Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай менен камсыз кылуу маселесин ортого салса, депутат Исманали Жороев өлкөнүн алыскы аймактарында мамлекеттик дарыкана тармагын өнүктүрүү зарылдыгын айтты.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты