Айпери Медет кызы Париж Олимпиадасына жолдомо алды

  • 7 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Бул тууралуу маданият, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, спортчу 76 кг чейинки салмакта күч сынашып, алгач румыниялык балбанды 11:0 ири эсебинде, 1/8 финалдык беттешинде беларус балбанын 10:0 эсебинде жеңген.

Ал эми, 1/4 финалда канадалык балбанды утуп, жарым финалда колумбиялык спортчуну жеңди.

Финалдык беттеште япониялык балбан менен кез келет.

Айпери Медет кызы алгачкылардан болуп кыз-келиндер күрөшү боюнча Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты