Айрым округдарда кайра шайлоо боюнча талапкерлердин саны 28ге жетти 

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Бишкек шаарынын № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө 28 талапкерден билдирүү түштү.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди. 

Бишкек шаарынын Биринчи май шайлоо округунан кийинкилерден болуп Азаматбек Жоробеков менен Темирбек Нурматов талапкер болууга арыз берди.

Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи май шайлоо округунан: Акжолтой Келгенбаев, Таалайбек Кермалиев, Рыскелди Момбеков, Адылбек Гапаров, Русланбек Акылбеков, Рысбай Аматов, Анвар Сартаев, Нурбек Токтакунов, Шадыкан Жакыпбеков, Элвира Сурабалдиева арыз берген.

Свердлов шайлоо округу боюнча:: Абдурахман Муртазалиев, Аспек уулу Азамат, Нурланбек Маматкулов, Эльнура Алканова, Бакыт Бакиров, Бакыт Садабаев, Бакытбек Болотбеков, Улукбек Тургунбаев, экс-депутаттар Ирина Карамушкина жана Шайлообек Атазов, Муратбек Султанбеков, Эдил Бейшенбаев, Жусубалы Керимбаев, Назгүл Жолдошева, Жаныбек Асанбеков, Гуля Алмамбетова арыз берген.  

28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты