Айбек Теңизбай эч жакка кетпөө тилкатынын негизинде абактан бошотулду
- 3 недели мурун
Бүгүн, 2025-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен активист жана блогер Айбек Теңизбай эч жакка кетпөө тилкаты менен тергөө абак жайынан бошотулду.
Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук баракчасында кабарлады.
Айбек Теңизбай тергөөнүн аягына чейин тилкаттын негизинде үйдө болот.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-декабрда активист Айбек Теңизбайды эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Айбек Теңизбай Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет активист Айбек Теңизбайды социалдык тармактарда белгилүү бир улутка карата жеке кастыгын билдирген чагымчыл билдирүүлөрдү дайыма жарыялаган деп маалымдады.
Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынан эксперттик корутунду алынган, анда Айбек Теңизбай тарабынан социалдык тармактарда жарыяланган материалдарда улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экени аныкталган.
Мындан улам, кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси «Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутуу» боюнча иш козголду.
11-декабрда Айбек Теңизбайды үйүнөн белгисиз адамдар кармап кетишкени айтылган. Кийин ал УКМКнын Бишкек башкармалыгында экени белгилүү болгон. Айбек Теңизбай өлкөдөгү коомдук-саясий жагдай боюнча пикирин ачык айтып келет. Ютубда саясий подкаст алып барат.
Сүрөттө: Айбек Теңизбай адвокаты менен. 31-декабрь 2025-жыл. Социалдык тармактан




