Сот активист Айбек Теңизбайды эки айга камакка алды
- 1 месяц мурун
Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-декабрда активист Айбек Теңизбайды эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Айбек Теңизбай Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет активист Айбек Теңизбайды социалдык тармактарда белгилүү бир улутка карата жеке кастыгын билдирген чагымчыл билдирүүлөрдү такай жарыялаган деп маалымдады.
Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынан эксперттик корутунду алынган, анда Айбек Теңизбай тарабынан социалдык тармактарда жарыяланган материалдарда улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экени аныкталган.
Мындан улам, Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси «Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутуу» боюнча иш козголду.
Муну бөлүшүү




